Menu

ИИМ Клара Алибекова катышкан окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүздү

Бөлүшүү:

Жакында Клара Алибекова аттуу ырчы, белгисиз бирөө муунтуп, зордуктайм деп артынан кууп келе жатат деп милиция кызматкерлерине кайрылып жаткан видеосу соцтармактарда жана маалымат агенттиктерде жарыяланган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Бул факты боюнча ички иштер министрлиги иликтөө ишин баштаган. Видеону белгисиз жарандар интернетке жарыялагандан кийин, социалдык тармактардын колдонуучулары жардам көрсөтүшпөй, автоунаадан түшүрүп койгону үчүн милиция кызматкерлерин катуу сынга алышкан.

Ушуга байланыштуу, соцтармактарда жарыяланган видео боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Клара Алибекова кайрылган Бишкек ШИИББнин Патрулдук милиция башкармалыгынын үч кызматкердин өздүгү такталган. Кызматтык текшерүүнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери кызга жардам көрсөтпөстөн автоунаадан түшүрүп койгондугу далилденген жок. Анын артынан белгисиз жаран кууп, зордуктоого аракет кылгандыгы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Клара Алибекова менен ошол күнү жанында жүргөн жигиттин өздүгү такталып, суралды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен үч милиция кызматкери тартиптик жаза алышты. Юридикалык жактан баа берүү үчүн чогултулган материалдар тергөө органына өткөрүлүп берилди. Милиция кызматкерлеринин ички иштер органдарында мындан ары иштей тургандыгы тергөө органдарынын текшерүүсүнөн кийин чечилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 32 = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: