Menu

Видео – Матраимовдор менен үч басылманын адвокаттарынын соттогу талашы…

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-декабрда Матраимовдордун үч басылмага карата жазган арызынын алгачкы сот отуруму Свердлов райондук сотунда башталды. Ал журналисттерсиз жабык эшик артында  каралды. Доо-арызды судья Жылдыз Ибраимова карады.

Соттук отурумга эки тараптын тең адвокаттары жана укук коргоочулар Чолпон Жакупова менен Динара Ошурахунова келди. Судья Ж.Ибраимова алгач доо-арызды тааныштырып, эки тараптын адвокаттарынын сунушун укту. Матраимовдордун адвокаттары сотту чагылдырган журналисттердин катышуусуна жана видеого тартууга каршы чыгышты. Алардын айтымында, журналисттер видеого тартып үй-бүлөгө басым көрсөтүшүүдө жана бир тараптуу чагылдырат. “Менин кардарым мындай көп камеранын алдында сүрдөп, өз оюн кенен айта албай калат. Андыктан менин кардарымдын укугу бу жерде бузулуп жатат. Ошон үчүн түз алып көрсөтүүгө биз каршыбыз жана бизди тартууга уруксат бербейбиз», — деди Райым Матраимовдун адвокаты Татьяна Карыжинская.

Ал эми ЖМКнын укугун коргогон юрист Фатима Якупбаева сот коомдук жай экенин айтып, видео жана фотого тартууга тыюу салынбаганын айтса, «Адилет» укуктук клиникасынын юристи Тимур Султанов аудиого жаздырып, видеого тартууга мыйзам жол берээрин баса белгилеп: “Президент соттук-укуктук реформа жүрүп жатат”,- деген, урматтуу судья, ушуну эске алыңыз. Биз сизди угуп, сизден уруксат сурашыбыз керек!”, — деди. Калган адвокаттар кесиптешинин айткандарын колдоду.

Ошентип, адвокаттардын талаш-тартыш отуз мүнөткө созулду, акыры ага судья өзү чекит койду. Ал арыздануучу тараптын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырып, видеого тартууга тыюу салды. Сот залынан журналисттер чыгарылды.

Эмки соттук отурум эмки жылга жылдырылды, тагырагы, 2020-жылдын 20-январында болот.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Азаттык» радиосун жана анын кабарчысы Али Токтакуновду, «Kloop.kg», 24.kg сайттарын «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетиргени» үчүн деген жүйө менен сотко берип, моралдык чыгым өндүрүүнү талап кылып, 60 миллион сомго доого жыккан. Ошол арыздын негизинде Бишкектин Свердлов райондук соту басылмалардын банк эсептерин камакка алган. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызы менен эсептер кайрадан камактан чыгарылган.

Булак: “KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: