30-августта Талас шаарында соода борборлорунун биринин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, ачылган жерге жергиликтүү тургундар чогулушкан. Бир аздан кийин өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев чогулгандарды таркатты.
«Мени жаман көрсө, жаман көрүшсүн. Бирок эртең алар ооруп калса, ага ким күнөөлүү? Массалык иш-чараларды уюштуруп, көптөгөн адамдарды чогулткандарга жаза каралган. Ден-соолукка кайдыгер кароого болбойт», – деди Марат Мураталиев.
Социалдык тармактарда соода борборунун ачылган жеринен тартылган видеотасма тарады. Колдонуучулар ыйгарым укуктуу өкүлдүн иш-аракеттерин талкуулашууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ