Нарын районунун Орток айыл аймагынын Үмөт тилкесинде дайынсыз жоголгон токойчуну издөө иш-тери улантылып жатат. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, Таш-Башат айылынын тургуну Ж.Абдрасулов ушул жылдын 3-октябрынан бери дайынсыз болууда. Кечээ, 9-октябрда ӨКМдин № 16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнүн куткаруучулары Нарын суусун бойлой 80 чакырым аралыкка чейин издөө иштерин жүргүзүп, бирок жыйынтык чыккан эмес. Учурда токойчуну издөө улантылып жатканы кабарланды.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ