Мурунку жумада президент Шавкат Мирзиёев Финансы министрлигин эффективдүү эмес иши үчүн сындаган.
Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Финансы министрлигинен эффективдүүлүктү талап кылып, жана министрликтин аброюна шек келтирген “келемиштерден” арылууну буйруган соң, 562 кызматкер жумуштан айдалды. Бул туурасында Өзбекстандын UzA улуттук маалымат агенттиги билдирди.
Президент Мирзиёев Финансы министрлиги келерки жылдын бюджетин сапатсыз даярдаган, эл чарбасына маанилүү долбоорлорду жакшы каржылай албайт жана өлкөнүн экономикалык көрсөткүчтөрүн кооздоп көрсөтөт деп айыптаган.
Жалпысынан Өзбекстандын Финансы министрлигинде 3 миңден ашык кызматкер иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ