Интернетге кыргызстандык аял Түркиянын Аланья районунда полиция кызматкерлери тарабынан сабалган учурда тартылып калган видеотасма тарады. Тасманы көрүп, кыргыз аялдарынын чет элде кор болуп жүргөнүнө жаның кейибей койбойт экен. Шал тийгир түрк милициялары байкуш аялды жөн эле аёосуз сабап жатышат. Окуя боюнча буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы аялга кол көтөргөн полиция кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулганын маалымдаган болчу. Азырынча белгилүү болгон маалыматтар боюнча, министрлик бүгүн, 5-октябрда Аланья районунун Коопсуздук башкармалыгынын өкүлдөрү менен байланышып, экинчи тарап бул фактыны тастыкташкан. Башкармалыктын башчысынын айтымында, шектүү полиция кызматкерлери тергөө учурунда эмгектенүү укугунан ажыратылыптыр. Кордук көргөн аял керектүү медициналык жана психологиялык жардам алып жатыптыр. Тергөө иштеринен кийин аны Кыргызстанга алып келүү аракети көрүлөт экен. Бул ачыкка чыкканы, ачыкка чыкпай, канчалаган аялдар түрктөрдүн эзүүсүндө күн кечирип жүрөт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ