Menu

Камактагы Канат Исаев кыргыз коомчулугуна кайрылуу жасады

Бөлүшүү:

Кадырлуу кыргыз элим, мекендештерим! Эң оболу, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык каалоо менен өзүмдүн билдирүүмдү жарыялоого ниет кылдым!

Менин бүгүнкү абалым Кудайга шүгүр. Эсиңиздерде болсо, мага карата саясый куугунтуктун негизинде, жалган жалаа жабуу менен каралоого алышып, кылмыш ишин козгоп, камакка алышты. Албетте, бул менин беттегенимен кайра тартпаган принципиалдуу позицияма карата жооп болду. Мен ар дайым элимдин кызыкчылыгы үчүн ой-пикиримди ачык билдирип, мамлекетибиздеги коррупцияга, ири кылмыштуулукка, дегеле адам укугунун бузулушуна каршы күрөш жүргүзүп келгем. Тилекке каршы, бийлик ыплас амалга салып, мени убактылуу торго чалынтышты. Мен мындай сыноону татыктуу түрдө жеңем!

Элибиз эчендеген кыйынчылыктарды баштан кечирди, ага карт тарых күбө. Жокчулукка, табигаттын кырсыгына чыдайт экен, бирок, эч качан адилетсиздикке баш ийип туруп бербейт. Бирде чачылып, бирде жыйналып, кыйынчылыкты баштан кечирген ата-бабаларыбыз калыстык жана адилеттүүлүктү кармануу менен үзүлгөндү улап келген. Алыстан мисал кылбайын, кечээги эле 2005-2010-жылдардагы революция эмне үчүн карапайым калк тарабынан ишке ашты? Себеби, коом кирдеп, коррупциялашкан үй-бүлөлүк, криминалдык бийликтин кучагында калган болчу. Адам укуктары, демократия тебеленген. Мына бүгүн дагы ошол коркунуч элибиздин башына келип калганын жонтерим менен сезип, карасанатай күчтөргө баш ийгим келбеди. Мисалдар өтө арбын. Учкай гана токтолсом, ошол эле Өмүрбек Текебаевге эл аралык аферисттер Маевский, Модин аркылуу жалаа жаптырып, чейрек кылым чындык үчүн күрөшкөн, мамлекеттүүлүктүн пайдубалын бекемдеген азаматты бир заматта каралашып, соттоп салышты. Ак үйдүн ишенгени Маевский, Юсупов сыяктуу шылуундар болуп атса, мунун өзү мазактоонун жеткен чеги эмеспи? Тилекке каршы, элдин колдоосуна алынган Текебаев, Чотонов, Шыкмаматов, Салянова өңдүү депутаттарды куугунтукка алганы, акылга сыйгыс чечимдер менен көпчүлүктүн кыжырын кайнатууда. Учурда укук коргоо органдары, сот бийлиги мыйзамды эмес, жогору жактын гана өзүмчүл кызыкчылыгына иштеп калышканын айгинелейт.

Ушул күнгө чейин ачуу чындыкты айткандар, элибиздин эртеңки келечегин ойлогондор куугунтукталып, соттолуп, камалып отурушат. Бул күндөр дагы убактылуу. Кыргыз эли бакубат жашоого жетүү үчүн кыйынчылыктар менен күрөшөт. Мына ошол жеңиш үчүн артка кетенчиктебей, карапайым калктын демине дем кошолу! Аз күндөрдөн кийин мекендештерибиз президенттик шайлоодо татыктуу талапкерди тандашы керек. Себеби, биз акыркы алты жылда адаштык, үмүттөрүбүз акталган жок. Элибиз эми жаңылбай, эски жолду эмес, өзгөрүүгө кадам таштай турган убак келди.

Дал ушундай кырдаалда президент мырза агонияга алдырып, ооматы тайыганына чычалап, элдин биримдигин ойлогондун ордуна оппоненттерине ар кандай ыкмалар аркылуу зомбулуктарды жасаганын күчөтүп келет. Мейли, бизге «аңчылык» кылса да, коңшулаш казак боорлорубузга, эл башы Нурсултан Назарбаевге асылып, орой маанайда сүйлөп, эл аралык алкактагы дипломатия жана саясый каталыкка жол берди. «Тилде сөөк жок» дейт, бирок, байкап сүйлөш керек болчу. Аныгында, кесири элибизге тийип, миңдеген мигранттарыбыздын тагдырлары оорлошо баштады, бул жаатта да ойлонушубуз керек…

Ал эми өзүмдүн бүгүнкү абалыма келсем, кеп башка, мен буга чейин бийликтин коррупциялашкан, эки жүздүү, ыплас аракеттерин сындап келип, ошондой эле Өмүрбек Бабановдун үзөңгүлөшү, активдүү колдоочусу катары саясый мүнөздө куугунтукка кабылып, камакка алындым. Менин бир сөзүмдө дагы төңкөрүш, бийликти басып алуу, башаламандык боюнча сөз болгон эмес. Бирок, криминалдык чөйрөнүн арызы менен «сыйыртмак» салып отурушат! Мындай «амалдар» акыры кум сымал эшилип түшөт, чындык кичине кечиксе дагы өз өкүмүн ачыктайт. Элибиз бүгүн башка, ак менен караны талдоого аң-сезими бышып жетилген. Андыктан, кыйроого же кайра жаралууга барабызбы? Мына, тагдыр чечүүчү күн келди, ал элибиздин колунда!

Урматым менен Канатбек Исаев

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: