Массалык маалымат каражаттарына чыгып жаткан акыркы окуялар Раимбек Матраимовду таптакыр башка адам кылып көрсөтүп жатат. Чындыгында ал катардагы бажы кызматкери болуп иштеп жүрүп, кызматынан көтөрүлгөн адам. Ишин мыкты билген инсан үчүн бир топ жыл жетекчилик кызматта иштесе керек. Мен ал кишини каралоонун артында жеке таарыныч, жеке кызыкчылык турганын сезип турам. Баарын мезгил таразалап, убакыт өз ордуна коет эмеспи. Ал эми Искендер Матраимов жөнүндө айтсам чыныгы жөнөкөй, мыкты киши. Азаттыктын иликтөөсү, аны менен бирге 5-канал иликтеген иликтөө көп күмөндуү ойлорду пайда кылып, көпчүлүктү таң калтырды. Анын ичинде мени дагы. Баардыгы акыйкат каралып, калыс чечим менен бааланышы керек.
Баян Кулова
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ