Бүгүн, эртең Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. 7-ноябрь – Тарых күнү, 8-ноябрь – Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган. Ошондой эле, бүгүн журналисттердин кесиптик майрамы. Маалымат жана басма сөз күнү белгиленүүдө. Дал ушул күнү алгачкы жолу “Эркин тоо” гезити (1924-жылы) жарык көргөн.
Эске сала кетсек, мурда 7-ноябрь – Октябрь революциясынын күнү деп майрамдалган. Анын ордуна жаңы майрамды мурдагы президент Алмазбек Атамбаев негиздеген. Ал 2017-жылы мыйзам долбоорун парламентке сунуштап, депутаттар колдоп берген. Ошонун негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.
Кечээ, 6-ноябрда, Ош шаарында Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ