Menu

КМШ мамлекет башчыларынын кийинки саммити Душанбеде өтөт

Бөлүшүү:

Тажикстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине төрагалык кылган мезгилде коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук маселелери приоритет бойдон калат. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон Сочиде өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында билдирди.

Саммиттин ачылышында сөз сүйлөгөн Орусиянын президенти Владимир Путин КМШ өлкөлөрү өз ара пайдалуу болгон жаңы ири долбоорлорду баштоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин билдирди.

Анын айтымында, саммитте негизги көңүл экономикалык тематика менен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого, ошондой эле соода жана кызмат көрсөтүү тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуга бурулат. “Бизде өз ара пайдалуу боло турган жаңы ири ишкердик долбоорлорду баштоого мүмкүнчүлүктөр бар”, – деп билдирди Путин.

Жыйындын жүрүшүндө КМШ мамлекет башчыларынын кеңеши кирешелердин изин жашыруу, терроризмди каржылоо, жемкорлукка каршы күрөшүү тармагында кызматташуу концепциясын жана башка бир канча документти бекиткенин РИА «Новости» агенттиги жазды.

Буга чейин Орусия лидеринин жардамчысы Юрий Ушаков кол коюуга 19 документ даярдалганын билдирген. Анын айтымында, пландалып жаткан чечимдердин ичинде 2018-жылы төрагалыкты Орусиядан Тажикстанга өткөрүп берүү чечими бар. Андан тышкары саммиттин катышуучулары мамлекет башчылардын кезектеги жолугушууларын өткөрүү маселесин талкуулашат.

“Саммит 2018-жылы октябрдын биринчи жарымында Душанбеде өтөт деп күтүлүүдө. Биз глобалдык коркунучтар менен чакырыктарга, анын ичинде терроризм, экстремизм, маңзат аткезчилиги жана улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча Шериктештиктин алкагында кабыл алынган чечимдер менен программалык документтерди ишке ашырууга бардык жактан көмөктөшөбүз», — деп билдирди Тажикстан башчысы.

Шейшембиде Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жеке жолугушуу өткөргөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: