Таласта диний окуу жайлар арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында футбол оюну уюштурулууда. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.
Бул жолку мелдеште “Али ибн Аби Толиб”, “Бакай-Ата” жана “Үкү-Ата” медреселери ат салышып, оюн талаасында беттешишти. Ар бир тарап өздөрүнүн ар намыстарын сактоо үчүн көрүүчүлөргө кызыктуу оюн тартуулап беришип, беттеш жогорку деңгээлде өттү. Ал эми облустук казыяттын айтымында мындай спорттук иш чаралар дин кызматкерлеринин ортосундагы байланышты бекемдөө максатында мындан ары дайыма өткөрүлүп турмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ