Menu

Өкмөттүн калпы чыкты. Назарбаев менен Исаковдун ортосунда сүйлөшүүлөр болгон эмес

Бөлүшүү:

Казакстан Кыргызстандын премьер-министри менен болгон сүйлөшүүлөр туурасында фактты жокко чыгарды. Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн басма сөз кызматы Сапар Исаков менен Нурсултан Назарбаевдин сүйлөшүүлөрүнө байланыштуу расмий билдирүү жасады.

“Биринчиден, Сочидеги Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Казакстан президенти менен Кыргызстандын премьер-министринин сүйлөшүүлөрү болгон эмес. Сапар Исаковдун Facebook дагы жеке баракчасындагы сүрөт далилдеп тургандай ал биздин өлкө башчысына кыска убакытка гана жакындаган. Экинчиден, “Казакстан президенти Казакстан өкмөтүнө чек арадагы бардык пайда болгон маселелерди чечүү тапшырмасын берди”деген маалымат чындыкка дал келбейт!”, – деп жазылат билдирүүдө.

“Аныгында өкмөткө бул суроо боюнча өкмөт аралык консультация өткөрүү тапшырмасы берилген. Учурда Казакстан Республикасынын УККсы казак ИИМи менен жана мамлекеттик киреше, транспорттук текшерүү комитеттери менен бирге өлкөнүн мамлекеттик чек араларында бардык периметр боюнча, анын ичинде казак-кыргыз участогунда да пландык чек аралык операция жүргүзүүдө.Чек арадан өткөрүүдө каршылык же чектөөлөр жок”, – деп белгиленет билдирүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 22 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: