Орусия Башкы штабынын делегациясына америкалык виза берилген жок.
Генералдар, анын ичинде коргоо министринин орун басары Андрей Третьяк кытайлык кесиптештери менен бирге БУУнун башкы кеңсесинде АКШнын ракетага каршы коргонуу программасы боюнча брифинг өткөрүүнү пландашкан.
Бул тууралуу Нью-Йорктон Коргоо министрлигинин эл аралык аскер кызматташтыгы башкармалыгынын башчысы Александр Емельянов билдирди. Ал 12-октябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын Биринчи комитетини кулуардагы орус-кытай жолугушуусунда сөз сүйлөгөн. Орус тараптан Коргоо министрлигинин бир нече өкүлү катышкан, бирок Башкы штабдын делегациясы АКШга киргизилген эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ