Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети кыргыз-казак чек арасынын жабылгандыгы тууралуу маалыматты четке кагып, чек аранын аталган бөлүгү аркылуу өткөндөрдүн саны азайбаганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, өлкө аймагына «кылмыш элементтеринин» киришине жол бербөө максатында кошумча чаралар киргизилген.
«Шайлоо күнү криминал өкүлдөрүнүн катышуусунда массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдыктар көрүлүп жаткандыгы тууралуу кыргыз бийлигинин билдирүүлөрүн эске алып, Казакстандын аймагына кылмыштуу элементтердин киришине жол бербөө максатында кошумча чаралар көрүлүүдө», — деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө. Бирок азырынча кандай чаралар экендиги так айтылган жок.
Улуттук коопсуздук комитети кыргыз-казак чек арасындагы адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана товарларды текшерүү күчөтүлгөнүн 11-октябрда билдирип, аны пландык чек ара иштери менен түшүндүргөн. Чек арадагы ири өткөрүү бекеттеринде кезек күтүүлөр болуп жаткандыгы 10-октябрдан тарта айтыла баштаган.
Комитеттин билдирүүсүндө 10-11-октябрь күндөрү кыргыз тарапка 18 680, Казакстанга 14 867 киши өткөндүгү жазылган. Мекеменин маалыматына караганда, бул көрсөткүчтөр жылдын ушул мезгилиндеги орточо статистикалык маалыматтарга туура келет.
Маалымдалгандай, жалпысынан 8 миңден ашык чет элдик текшерилсе, анын 2 жарым миңин кыргызстандыктар түзгөн. Алардын ичинен 386 жаран административдик жоопко тартылса, 242 киши Казакстандан чыгарылып, 69 адамдын өлкөдө жүрүү мөөнөтү кыскарып, 21и административдик камакка алынган. Көзөмөл-өткөрмө бекеттерден башка жерлерден миграциялык мыйзамдарды бузган 14 киши кармалган. Учурда алардын жарандыгы такталууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ