Menu

Видео – Алдын ала эсеп боюнча Жээнбеков 54,04% алды

Бөлүшүү:

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, кечээки президенттик шайлоодо добуш берген шайлоочулардын саны акыркы эсеп боюнча 55, 93 % түздү.

Электрондук алдын ала эсептер боюнча, талапкерлердин арасынан КСДП көрсөткөн Сооронбай Жээнбеков алдыда баратат. Акыркы маалыматка караганда, ага шайлоого катышкан 917 529 киши добуш берген.

Экинчи орунга 565 721 добуш же шайлоочулардын 33,3 пайызынын колдоосуна ээ болгон парламенттеги «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов чыкты.

Жээнбеков Ош облусунда добуштардын 72 пайыздан ашыгын алса, Бабанов Талас облусунда 85 пайыз алган.

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 108 миң добуш алып, 6,3 пайыз менен үчүнчү орунга жайгашты.

«Ак-Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариевге шайлоочулардын 42,7 миңи, Таалатбек Масадыковго 10 миңден ашууну добуш берген.

Быйылкы президенттик шайлоого жалпысынан 11 талапкер ат салышты.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: