Menu

УКМК: «Бомба» тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо иштери уланууда

Бөлүшүү:

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) терроризм актысы тууралуу жалган маалымат тараткан адамдарды аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, 5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына «Манас» аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. «УКМК менен ИИМдин атайын кызматкерлери аэровокзалды, учактарды жана башка бардык имараттарды текшерип, жыйынтыгында эч кандай жардыруучу түзмөк табышкан жок», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Болжолдуу маалыматтар боюнча аэропортто бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат чет өлкөлөрдүн биринен жөнөтүлгөн.

Ошол эле күнү Ош шаарындагы аэропортто дагы жардыруучу зат бар экендиги тууралуу маалымат түшүп, текшерүүдөн кийин ал дагы ырасталган эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: