Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп калды. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар өз булагына таянып жазып чыкты.
Маалыматтарга ылайык, коронавирустук инфекциядан улам келип чыккан белгилер министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаевде да аныкталды.
Саламаттыкты сактоо министринин дагы бир орун басары Мадамин Каратаевдин дем алуусу кыйындап, энтигүүдө.
Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев жумушка чыкпаганы белгилүү болду.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ