Бүгүн, 16-октябрда Өмүрбек Бабанов кечээ, 15-октябрда өткөн КР Президенттигине шайлоонун жыйынтыктары боюнча билдирүү жасады.
“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 600 минден ашык адам мени колдоду. Бул колдоочуларым мамлекетибизде өзгөрүү болсун деп, жаныланууну каалап, администраливдик ресурстан, укук коргоо органдарынын кысымынан коркпой өз добушун айтып, өз үнүн угустурду. Сиздерге рахмат. Биздин мамлекетте сөзсүз өзгөрүүлөр болот. Сиздерден суранам ар кандай провокацияларга дана ушактарга ишенбегиле. Мен буга чейин эле айтып келгем, мен бийликти эч качан басып албайм. Өзүмдүн атаандаштарыма кайрылып кетким келет. Мына эми шайлоо бүттү. Элдин башын бириктириш керек. Аларды көз караштарына айырмалап бөлбөй, мамлекетти, элди бириктиришибиз керек. Биз бул шайлоодо жеңдик. Элибиздин аң сезимин өзгөрттүк. Элибизге күч кубат бердик. Жарандарыбыз шайлоо аркылуу өз үнүн жана добушун угузса болот экендигине ишенди. Мен бардык кыргызстандыктарды ишендирип келтким келет, биздин жениш или алдыда. Кудай буйруса «Алдыга жол” деген программаны ишке ашырабыз”, – деди Бабанов.
Булак:Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ