16-октябрда сегиз жылдан бери абакта жаткан 67 жаштагы өзбек укук коргоочусу Ганихон Маматхонов эркиндикке чыкты. Бул тууралуу адам укуктары боюнча «Эзгулик» коомунун активисти, ташкенттик көз карандысыз журналист Абдурахман Ташанов билдирди.
Ганихон Маматхоновдун ысымы эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары тарабынан Өзбекстандагы саясий туткундардын тизмесине киргизилген. 2009-жылдын 10-октябрында кармалган ферганалык укук коргоочу алдамчылык жана пара берүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылган.
Кийинчерээк Ферагана аппеляциялык соту анын камактагы мөөнөтүн 4 жыл беш ай жатак абагына өзгөрткөн. Бирок 2010-жылы Маматхонов кайрадан түрмөгө которулган.
Сот 2014-жылы анын камактагы мөөнөтүн 2,3 жылга, 2016-жылы дагы эки жылга узарткан.
Маматхоновдун кесиптештери менен эл аралык укук коргоочулар анын күнөөлүү эместигин жана профессионалдык ишмердүүлүгү үчүн жазаланганын айтып келишет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ