Menu

Женевада Армения жана Азербайжан президенттери Карабахты талкуулады

Бөлүшүү:

Армения жана Азербайжан президенттеринин 16-октябрда Женевадагы жолугушуусу маалында Тоолуу Карабах жаңжалын жөнгө салуунун ыктымал жолдору талкууланды. Серж Саргсян менен Ильхам Алиев ЕККУнун коопсуздук жана кызматташтык боюнча Минск тобунун камкордугу алдында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлеринин жана ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагаларынын (Франция, Орусия жана АКШ) катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийинки биргелешкен билдирүүдөжолугушуу конструктивдүү маанайда өткөнү жазылган.

“Президенттер сүйлөшүү жараянын активдештирүү жана байланыш линияларындагы чыңалууну азайтуу үчүн кошумча чараларды көрүүгө макул болушту”, – деп айтылат билдирүүдө.

Сүйлөшүүлөргө эки президенттен тышкары өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Эдвард Налбандян менен Элмар Мамедъяров, Минск тобунун теңтөрагалары — Орусиядан Игорь Попов, Франциядан Стефан Висконти жана АКШдан Эндрю Шэфер, ошондой эле ЕККУнун учурдагы төрагасы Анжей Каспшик катышты.

Андан тышкары эки өлкө президенттери дагы жеке сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн Саргсяндын басма сөз катчысы Владимир Акопян Твиттердеги баракчасына жазды.

ЕККУнун Минск тобунун теңтөрагалары узакка созулган тыныгуудан кийинки түз сүйлөшүүлөргө канааттануусун билдиришти. Алар буга чейинкидей эле Тоолуу Карабах жаңжалын тынч жол менен жөнгө салуу боюнча тараптар менен кызматташууга даяр экендиктерин айтышты. Кийинки кадам катары топтун теңтөрагалары жакынкы убактарда министрлер ортосунда жолугушуу уюштурмай болушту.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: