Маркум вице-премьер министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгында “КамАЗдын” айдоочусу унааны башкара албай калган. Бул тууралуу Патрулдук милициянын башкы башкармалыгы маалымдады. Жол кырсыгына байланыштуу Панфилов районунун 25 жаштагы тургуну, “КамАЗдын” айдоочусуна кылмыш иши козголгон. Милиция жол кырсыгын толук иликтөө үчүн күбөлөрдү жардамга чакырууда. Буга чейин НИМ “КамАЗдын” айдоочусу эки айга камакка алынганын, тергөө жүрүп жатканын билдирген. Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу Чүйдөн буудай тартып келаткан.
Эске сала кетсек, вице-премьер министр бараткан «Тойота Лэндкрузер» автоунаасы 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдовар жолунун 36-чакырымында, Москва районунун Садовое айылында “КамАЗ” менен сүзүшкөн. Темир Жумакадыров Талас облусундагы шайлоо участокторунун даярдыгын текшерүү үчүн бараткан. Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрда болуп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган. 38 жаштагы Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза тапкан.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ