Кремлдеги бир нече айга созулган кеңешүүлөрдөн кийин оппозициячы Алексей Навальныйды президенттик шайлоого катыштырбоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Би-би-синин орус кызматына президенттик администрациядагы жеке булагы билдирген.
Bloomberg басылмасынын маалыматына караганда, шайлоочулардын санын көбөйтүү жана шайлоо өнөктүгү маалында интриганы жаратуу үчүн жыл башында Кремлде Навальныйды шайлоого катыштыруу ыктымалдыгы талкууланган. Июлда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова оппозиционер «Киров токою» иши боюнча соттуулугун жойсо, талапкер катары каттоодон өтүшү мүмкүндүгүн айткан.
Бирок 17-октябрда БШК башчысы кайрадан Навальный алдыдагы президенттик шайлоого катыша албастыгын билдирди. Памфилова оппозициячы 2028-жылкы президенттик шайлоого гана талапкерлигин кое аларын айтты.
Алексей Навальный президенттик шайлоого катышуу ниети тууралуу 2016-жылы декабрда билдирип, Орусиянын аймактарында 79 шайлоо штабын ачып, активдүү үгүт иштерин баштаган. Анын талапкерлигин дээрлик 600 миң киши колдогон. Бирок Орусиянын мыйзамдарына ылайык, «Киров токою» иши боюнча экинчи жолу соттолгондон кийин ал 2018-жылкы президенттик шайлоого катыша албайт.
Быйыл майда ишти кайрадан караган сот Навальныйды «акча уурдоого» күнөөлүү деп таап, беш жылга шарттуу кескен.
Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылы 18-мартта өтүшү керек. Азырынча Владимир Путин талапкерлигин коер-койбосу тууралуу расмий билдире элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ