Menu

Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актаган элдик президент боло алабы?

Бөлүшүү:

Болот Шамшиев, СССРдин Эл Артисти:

«Мен да элдин катарынан калбай ишеним көрсөтүп Сооронбай Жээнбековдун тазалыгы үчүн, добуш бердим»

— Сооронбай Жээнбеков элдин ишенимин актаган президент болууга милдеттүү. Элдин баары ишеним артып добуш беришти. Мен да элдин катарынан калбай ишеним көрсөтүп добуш бердим. Биз ишенебиз. Эми ошол шайлоочулардын үмүтүн актап, өлкөбүздү астыга сүйрөө, экономиканы көтөрүп, жумушсуздукту жоюп, кыскасы мамлекет үчүн кара жанын карч урууга аракет кылышы шарт деп айткым келет.

 

Жамин Акималиев, академик:

«Биринчи турда эле 54% алып өтүп кетүү элдин Сооронбай Жээнбековго болгон ишениминин жогору экендиги»

— Менин оюмча боло алат. Себеби, Сооронбай элдин катмарынан чыккан жигит. Айылда төрөлүп, айылда бой жеткен. Мен Сооронбайды жакшы билген себебим, 1979-жылы мен Скрябин атындагы айыл чарба институтуна ректор болуп келгенимде Сооронбай жыйырма бир жаштагы экинчи курстун студенти экен. Анан мен студенттерди кыдырып таанышып жүрүп, Сооронбай көзүмө илинген, ошол кезде эле тартиптүү, тарбиясы бар, спортсмен, жакшы окуган студенттердин катарында эле. Ошол бойдон таанып калып, кийин ар кайсы жакта иштегенде карап жүрдүм. Кийинчерээк 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп келди, мен да депутат болуп келдим. Ошондо А. Атамбаев, С. Жээнбеков, Иса Өмүркулов жаштардын катарында, биз болсо орто муундун өкүлү, бизден улуу муундар Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев, Чыңгыз Айтматов болуп жаштар аралашып калдык. Ошондон кийин жалпыбыз менен таанышып, өзүнүн окуганы жөнүндө айтып берген. Жогорку Кеңешке депутат болгондон баштап Сооронбай Жээнбековдо өсүү карьерасы башталган. Андан кийин Айыл чарба министри болду, губернатор, премьер-министр болду, кыскасы отуз сегиз жыл ичинде, мен карап олтурсам кызматтык тепкичтердин баарын басып өтүп, ар кандай эл менен иштеп элдин муктаждыгын тегинен, түбүнөн билип калган инсан. Бизге ушу тапта эл үчүн иштеп берчү, элди сыйлаган өзгөчө агрардык республика болгондон кийин, айылдын көйгөйлөрүн түшүнгөн адам керек. Ошондой адам Сооронбай экенине ишенем. Эми элдин ишенимин актап, өз жеке кызыкчылыктарына караганда элдин кызыкчылыгын жогору коюп, өлкөнү алдыга жылдырат деп үмүттөнөм. Кудай буйруса, Сооронбайдын жеңиши туура эле болду. Биринчи турда эле 54% алып өтүп кетүү элдин ага болгон ишениминин жогору экендиги. Менин оюмча элдин үмүтүн актайт.

 

Керим Турапов, Кыргыз Эл артисти:

«Менин Сооронбай Шариповичке ишеним көрсөтүп, үмүт артып жаткан себебим, Кудайдан корккону»

— Мен элдин ишенимин актай алат деп ишенем. Себеби, президенттер көпчүлүгү келип эле, элибиздин ырыскысын жеп коюп атпайбы, элдин ырыскысын көп алып, сиңире албай, чачынып-таланып, ошонун ордуна чачпаса көптөгөн маселелер чечилет эле деген ойдомун. Мен кээде ойлоп кетем, бизге келген жетекчинин баары Жаратканды унутуп койгон. Жараткандан коркуу деген сезимди эске албай калышкан. Менин Сооронбай Шариповичке ишеним көрсөтүп, үмүт артып жаткан себебим, Жараткандан корккону. Жараткандан корккон инсан катарында менин оюмча мамлекетти талап тонобойт го дейм. Эгерде мамлекет башчысы жебей таза, жупуну жашаган болсо, жетекчилер да жебейт. Өзү да жебейт, өзгөгө да жедирбейт. Эгерде ошондой гана болсо анан Кыргызстанда өнүгүү болот. Ал эми мурдагыдай эле болуп, жан жөкөрлөрү баарын даярдап койдук, тигиндей имараттар, мындай байлыктарды алып кой дешсе, алардын тилине кирип кетсе, анда мурдагы мамлекет башчыларынын жолуна түшүп кетет. Менин оюмча андай жолго түшпөйт.

 

Жумакадыр Акенеев, экономика илимдеринин доктору:

«Эми алты жыл жакшы иштеп берсе, тарыхта эң жакшы адилеттүү президент деп калат»

— Менин оюмча абдан мыкты президент болуп берет. Биринчиден, абдан тажрыйбалуу президент болот. Тепкичтердин баарын басып өткөн. Жөнөкөй мугалим, зоотехниктен, парткомдун катчысы, совхоздун башкармасы, губернатор, министрликтердин башчылары, премьер-министр, мындайча айтканда бүт баарын ийне-жибине чейин билет. Айыл чарба министри болуп иштеген, Кыргызстандын экономикасындагы кырдаалдар боюнча түшүнүгү бар. Мындайча айтканда тажрыйбасы мол президент бизде биринчи жолу болуп жатат. Буга чейин чындап айтканда А. Акаевден баштап, эми К. Бакиевди айтсак болмок бирок, ал киши Россияда иштеп андан соң кээ бир структураларда гана иштеп кеткен. Ал эми Сооронбай Шарипович, бүт баарын билет. Эч качан бизнес менен алектенген эмес. Элге жакын, адамгерчиликтүү, мындайча айтканда абдан мыкты адилеттүү жакшы президент болуп берет. Улууну урматтай, кичүүнү ызаттай билген калыс жол башчы болот деп айта алам. Кудай буйруса алты жыл элге пайдасын тийгизип жакшылап иштеп берет. Ушунча жылдан бери канча жерде иштебесин артынан жаман сөз ээрчиген эмес. Эми алты жыл жакшы иштеп берсе, тарыхта эң жакшы адилеттүү президент деп калат.

 

Айданбек Акматов, белгилүү журналист:

«Сооронбай Жээнбеков эл ишенимин актаган президент болсо экен деген үмүт бизде да болот»

— Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков эл ишенимин актаган президент болсо экен деген үмүт бизде да болот. Бирок ошого мүмкүнчүлүк берилеби деген маселе бар. Анткени, жаңы Конституция боюнча дагы, башка маселе боюнча дагы азыркы президенттен абдан көз каранды, булардын таасиринен чыга албай калабы деген чочулоо бар. Бул киши саясий лидер болуп, мамлекеттеги оор маселелерди, ар кандай саясий агымдарды, кагылышуулар бар позициялардын баарынын үстүнөн туруп алып кете алабы, бул да чоң маселе. Себеби, азыркы учурда мамлекетте абдан чоң маселелер көп. Кыргыз-казак чек арасындагы маселелер, финансылык-экономикалык маселелер абдан оор абалда, тышкы карыздарды төлөөдө, мамлекеттеги саясий кризистик кырдаалдарда президент С. Жээнбеков өзүнүн саясий лидерлигин көрсөтүп, бардык бийлик бутактарынын оппозициясы болобу же башкасыбы баарынын башын бириктирип алып кетүүгө жөндөмдүү, чечкиндүү болуш керек.

 

Жээнбек Келдибаев, жеке ишкер:

«Сооронбай Жээнбеков жалпы элдин ишениминен чыкпаган президент болоруна ишенем»

— Эми азыр жаңыдан төрөлгөн балага жакшылык тилегендей, мен ушу тапта Сооронбай Шариповичке жакшылык тилеп атам. Атамбаевдин ишин улантам дегени жакшы нерсе. Себеби, Америкада жана башка мамлекеттерде президенттер келгенде мурунку президенттердин жасап жаткан иштерин улантып кетет. Улантып кетүүнүн башкы себеби Өнүгүп жаткан өлкө андан ары, бир калыпта токтоп калбай өнүгүп кете берүүсү үчүн аракеттенет. Бизде болсо келген президенттер кайра оңдойм деп атып эле баары жинди болот. Орустун бир чоң тарыхчысы Кулючовский “Ар бир орустун падышасы бийликке келүү менен бирге, өзүнүн атасынын ишин жокко чыгаруу менен баштайт”- деп айткан кеби бар. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе мына кечээ эле өзүңөр көрдүңөр, Казакстан бажы постторун жаап экономикалык блокада кылып жатат. Биздин ишкерлер Казакстан, Россия, Белорусияга өтө албай турушат. Мына ушул себептен биз Казакстанга күн карама болбой турган жолдорду курушубуз керек. Бул жол түндүк-түштүк, Өзбекстанды бириктирген темир жол. Ал барып Европа мамлекеттеринин баарын басып өтөт. Үчүнчү, биз азыркы учурда экономиканы оңдой турган чоң окуялар бар. Төртүнчү, эң негизи Кыргызстанда биринчи жолу укмуштуудай демократиялуу таза шайлоо болуп өттү. Кийин ушул таза шайлоону сактап калышыбыз керек. Эл болгондон кийин, эл ичинде жакшысы бар, жаманы бар дегендей, жүз пайыз элге жагуу кыйын. Бирок элдин көпчүлүгүнө Сооронбай Жээнбеков жагып, президент болду. Ошондой жалпы эл билген, чыныгы элдик президент болуп кетиш керек. Сооронбай Жээнбеков жалпы элдин ишениминен чыкпаган президент болоруна чын дилимден ишенем. Эң башкысы, коррупцияга аралашпаган, көкүрөгү, колу таза чыныгы элдик президент, журт башчысы бийлик башына келди. Бул элибиздин ооматы.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: