Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде медициналык факультет ачыла турган болду. Маалыматты аталган окуу жайдын жетекчилиги ырастады. Тактап айтканда, медициналык кадрларды даярдоодо зор тажрыйбасы бар Индиянын Бхопал шаарындагы медициналык университет болочок “кыргыз-индия медицина факультетинин” негизги өнөктөштөрүнүн бири болуп, 27-апрель күнү медициналык факультетти ачууга башкы көмөкчү болгон, Кыргызстандагы ири инвестициялык проекттердин катышуучусу “LN Grоuр” компаниясынын өкүлдөрү менен бул багытта кызматташуу боюнча меморандумга ректор Канат Садыков кол койгон.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ