Парламентке депутат Осмонбек Артыкбаевдин ордуна ким келери белгилүү болду.
23-мартта Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин жарым-жартылай колдоп, борбордогу жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши тууралуу өкүмдү жарыялады.
Энергетика министрлигинин мурунку башчысы Осмонбек Артыкбаев соттун өкүмү менен айып төлөп бериши керек.
«Мыйзамга ылайык, ал соттолгон деп эсептелет жана тиешелүү түрдө депутаттык мандатынан ажыратылат. Тизме боюнча андан кийин аял киши келиш керек, бирок гендердик квота боюнча жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин, эркек адам мандатка келет “,- деп түшүндүрдү Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Гүлнара Журабаева.
Осмонбек Артыкбаевдин ордун өлкөнүн мурунку президенти Алмазбек Атамбаевдин өнөктөшү Дүйшөн Ирсалиев ээлейт. Ал 2014-жылы мамлекет башчысынын аппаратынын орун басары болуп иштеген. Андан кийин 2015-жылга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы болгон. Ал эми 2016-жылдан бери Бишкек ЭЭАны жетектеп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ