Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине бир жума ичинде 69 кылмыш жана 37 жорук катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош облусунун аймагында абал туруктуу, кырдаал тынч. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башка тийиштүү кызматтар менен биргеликте Ош облусунун аймагында COVID-19 илдеттин массалык түрдө тарап кетишине жол бербөөгө жана элдин коопсуздугун сактоо үчүн санитардык-эпидемиологиялык иштерди тынымсыз жүргүзүп жатат.
2020-жылдын 14–декабрынан 20-декабрь күнүнө чейинки убакытта Ош ОИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 69 кылмыш жана 37 жорук иши катталган. Жалпы кылмыш жана жоруктардын саны – 106, алардын ичинен – 86 бети ачылган.
-Урдоо-1, авто каражатын айдай качуу-2, алдамчылык-13, жол унаа кырсыгы-13, бейбаштык-2, ден-соолукка жеңил зыян келтирүү-7, майда бейбаштык-9, орчунду эмес өлчөмдөгү алдамчылык- 1, орчунду эмес өлчөмдөгү урдоо-2, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогторун мыйзамсыз өндүрүү-1 жана башкалар-33.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ