– Учурда бүтүрүүчүлөр үчүн республикалык жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Бүтүрүүчүлөр кайсы окуу жайын тандоону билбей баштары маң болуп турган учур. Негизи эле кайсы ЖОЖдорго талап жогору болууда?
– Жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы чыгып калды. Негизинен 11-классты эле бүтүргөндөр эмес, 9-классты да бүтүргөндөр кесип тандап турган учур. Бизде азыр жалпы 52 жогорку окуу жайлары бар. Анын 37си мамлекеттик окуу жайлар. Калганы жеке мекчик. Негизинен жеке менчик окуу жайлардын баары контракттык негизде. Мамлекеттик ЖОЖдорго саналуу гана бюджеттик орундар каралган. Престиждүү, алдыңкы окуу жайларга карабай бүтүрүүчү кайсы кесипти тандады, кайсы кесипке шыктуу, кайсы кесип колунан келет – ошого тапшырууга умтулуш керек. Мисалы, айыл чарба жагына кызыкса, айыл чарба академиясына, курулуш тармагы кызыктырса, техникалык университетке тапшырышы шарт. Бизде болсо жалпы тестирлөөдөн алган баллы кайсы окуу жайга жарайт, ошону караштырышат. Бишкектеги медициналык академияга тапшыргандардын саны көп болот. Андан соң Орто Азиядагы Америка университети, Кыргыз-Орус славян университети, ИИМ академиясы, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет, кыргыз улуттук техникалык жана кыргыз архитектура жана курулуш университеттерине тапшыргандар басымдуу болот.
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ