Ырыстуу «неменин» мурдунан бок кетпейт» – деген кеп бар. Бул сөздү бүгүнкү коомдо, кызматтан-кызматка секирип, улам бир жерди курутуп жүргөн, жүргөн жерине чөп чыгара албаган атка минерлерибизге айтсак жарашчудай болуп турат. Алардын бири жүн тиштеген чымчык кейиптенген Болсунбек Казаков. «Бала болуп башына түк чыкканы» май-көл, сүт-көлдүн үстүндө. Же бир барган жеринен жыйынтык чыгарып иштей албады. Монополияга каршы кызматында бир куурай башын сындырганга жараган жок, баалар болсо асмандын башында болуп турду. Башкасын айтпаганда дагы так ушул күркүрөгөн күз айында 1 килограмм кумшекердин баасы 55 сомдон түшпөй турду го чиркин, Казаковдун доорунда. А бүгүн бир килограмм шекердин баасы 40-42 сомдон. Ал жерди куруткан Болсунбек Мамлекеттик мүлк фондуна келген, ал жерде деле олтурат мамлекеттин мүлкүн ит бекер пулдап, сол чөнтөгүн кампайтып. Жөн олтурбай саясий интригага аралашып, колунан келбеген ишке асылып, анан да эки «фронтко» ойногонун кантесиң? Атап айтсак, Болсунбек Казаков президенттик жарышта Өмүрбек Бабановду сүрөөнгө алып, кичи мекени Талас областынан катуу колдоо көргөзүптүр. Жыйынтыгы да мыкты дейт. Уят да. Кокус Бабанов президент болуп калса, этегине эрмешем деген логикабы? Ар кимге «көчүгүн» такаган жигитчиликке жатабы?!..
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ