Menu

Компьютерге ишенбеген кокуйлар…

Бөлүшүү:

Кыргызстанда акыркы жылдары шайлоо бюллетендерин атайын автоматтык саноочу урналар менен өткөрүлүп келет. Бул компьютерлешкен урналар мурдагы Акаев, Бакиев убагындагы шайлоолордой болуп пачкалап бюллетендерди урнага салганга бөгөт коёт. Дагы бир өзгөчөлүгү, ошол кездерде урна ачылгандан кийин комиссия курамы түн бир оокумга чейин олтуруп алып ар бир бюллетенди санашчу, азыр болсо автоматгашкан урна кайсы талапкер канча добуш алгандыгы тууралуу шайлоо участкасы жабылаары менен эле атайын кагазга басып чыгарып берет. Бул автоматташкан урналар 2015-жылкы парламенттик шайлоодо биринчи ирет колдонулуп ишке берилген. Ошол парламенттик шайлоодо кантип эле ушул автоматташкан урна кимдин кайсы партияга добуш бергенин билмек эле, ишенбейбиз дешип, жер-жерлердеги байкоочу, комиссия мүчөлөрү ар бир бюллетенди кол менен кайрадан санап чыгышкан эле. Жыйынтыгында бир дагы бюллетенге жаңылбаганына ынанышып олтуруп калышкан. 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо да айрым талапкерлердин жактоочулары автоматташкан урнага ишенишпей, бардык 2375 участоктун бюллетендерин колго санап чыгышты. Жыйынтык бирдей чыгып, компьютерге ишенбеген кокуйларың бармагын тиштеп калышты.

Булак:”Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: