Орусиялык “Новая газета” басылмасынын журналисти, бир нече айдан бери Москвадагы убактылуу кармоочу жайда жаткан Али Феруз академик Андрей Сахаров атындагы “Эрдик үчүн” ордени менен сыйланды.
Сыйлыктын уюштуруучулары өз чечимин Феруз башына кыйынчылык түшүп турганда да “жүзүндөгү жылмаюусун, ачык көз карашын” жоготпогондугу менен түшүндүрүштү. “Андрей Дмитриевич Сахаров дагы дүйнөгө ушундай ачык-айрымдык жана акылдуулук менен караган”, – деп билдиришти алар «Фейсбук» аркылуу.
“Али Феруз” деген лакап ат менен таанымал Худоберди Нурматов Өзбекстандын жараны. Бир нече жылдан бери ал Орусияда иштеп, качкын макамын алууга документтерин тапшырып келген. Орусиянын Ички иштер министрлиги ал мекенинде өмүрүнө коркунуч келтирилгени тууралуу далилдерди көрсөтө алган жок деген жүйө менен ага башпаанек берүүдөн баш тарткан.
Журналист августтун башында Москвада кармалып, миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган. Кийинчерээк Орусиянын доо арыздарды караган соту журналисттин арызын Европанын адам укуктары боюнча соту карап чыкмайынча, аны Өзбекстанга депортациялоо тууралуу чечимди аткарууну убактылуу токтоткон. Чечим чыкканга чейин Феруз Орусиядагы качкындардын убактылуу жайында кармалып турушу керек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ