Menu

Фото – Ош шаарында сөз эркиндигин коргоо боюнча талкуу болуп өттү

Бөлүшүү:

5-ноябрда Ош шаарында «Сөз эркиндигин коргоо» комитети тарабынан уюштурган тегерек столго алтымыштан ашык коомдук активист, журналист жана укуктук басмырлоого кабылган жарандар келип катышты. Талкуунун жүрүшүндө сөз эркиндигине болуп жаткан кысым журналисттерге гана эмес, коомдук активисттерге, эркин оюн айткан жөнөкөй жарандарга дагы болуп жактанын, мынданы тышкары сот адилетсиздиги, укук коргоо органдарынын туура эмес чечимдери болуп жатканы айтылды.

Уюштуруучу Адиль Турдукулов сөз башында 2010-жылдагы басма сөз каражаттарына жана журналисттерге болгон бийликтин мамилесине мындайча токтолду:

-2010-жылдан кийин сөз эркиндигине кысым токтойт жана эркиндиктер берилет деп убада кылышкан эле, тилекке каршы мындай болгон жок. Салыштырып айтканда Павлюктай өлтүрүп кетүүлөр гана болбогону менен бийликтин кысымы кайра күчөп, журналисттерге миллиондогон сом айып салып, аларды ар кандай себептер менен коркутуп жатат. А түгүл журналисттер гана эмес сүйлөп койгон сөздөрү менен саясатчылар да куугунтукка алынды. Учурда бийликке сын айтып жүргөн жаштар Максат Кунакунов, Мелис Аспековдор камалып кетишти. Садыр Жапаров, Мелис Мырзакматовдор аргасыз мамлекеттен чыгып кетишти. Бектур Асанов, Кубаныч Кадыровжор ачык сын айтып, президенттин кемчилигин ачыкка чыгарганы үчүн алар да сөз үчүн камалышты. Элдик парламенттин өкүлдөрү, аксакал Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбековдор да  УКМКнын СИЗОсунда. Мына ушундай окуялардан кийин «Сөз эркиндигин коргоо» комитети түзүлүп, адилетсиздикке кабылгандардын укугун коргоо максатын колго алышкан. Учурда комитет президент тарабынан куугунтукталып, жакында камакка алынуу алдында турган Дайырбек Орунбеков боюнча дагы иш алып барууда. Биздин, Ош аймагына келген себебибиз дагы куугунтукка учураган жарандар менен бирге болуп алардын оюн угуп кызматташууга кол суналы дедик,-дейт А.Турдукулов.

Жыйындын катышуучулары Ошто мыйзам иштебей, бийлиги чоңдордун гана мыйзамы орногонун, мыйзам талаасынан чыгып кеткенин айтышты:

“Ошто мыйзам жок, мурда Текебаев “Ош Сицилияга айланып калды” деп айтса, азыр Ош Сирияга айланып калды. Бир тууган Жээнбековдордун, С.Өмүрзаковдун гана мыйзамы иштейт. Мен, 2010-жылы Июнь коогалаңын алдын-алып, андай каргашаларды токтотууга аракет кылып Убактылуу өкмөттөн каражат сурагамын. Ош жана Жалал-Абад аймагында абалды турукташтырууга келген каражатты бир тууган Асилбек Жээнбеков менен Сооронбай Жээнбеков бөлүшүп алып, анын жыйынтыгы менен Ошто жүздөгөн адамдар коогалаңдын курмандыгы болгонун айтып чыккам. Ошол чындыгым үчүн бүгүн куугунтукка алынып, мага да айып салынып, доо төлөп жүрөм”,-дейт 2010-жылдагы Ош ИИБнин  башчысы Абдылда Капаров.

Талкууга келип катышкандар көпчүлүгү укук коргоо органдарынан запкы жеп, сот адилетсиздиги болбой жатканына токтолуп, ушул багытта бирдиктүү аракет көрүүнү сунушташты. Ал эми айрымдар бийликтен үмүтү өчүп, акыркы күндөрү жыйынтык күтпөй калганын да айтышты. 2012-жылы атып өлтүрүлгөн полковник Шоноевдин атасы да чындык издеп таппай жүргөнүн, “Сөз эркиндигин коргоо” комитетине адилеттик издеп келгенин айтты:

-Журналисттердин жумушу да абдан кооптуу экенин түшүндүм, айрыкча кылмыш иши боюнча чындыкты алып чыгууга эч ким батынган жок, иликтесе дагы жарыялаган жок. Бизди мамлекеттин мамлекет болуп түптөлбөгөнү күйдүрүп жатат. Менин баламбы көз алдымда үйдүн алдында атып кетишкен, андан бери 4 жыл өттү. Ушул кылмышты ачышпай 4 жылдан бери созуп келе жатат, бул кандай мамлекет? Арызданып барбаган жерим калган жок. Мамлекетти уюшкан кылмыштуулук топ башкарып аткандай сезилет. Уулумдун кылмыш ишин ачайын деп жаткан милицияларды жогорку жактан киришип иштен алып жатат, сотторго басым көрсөтүлүүдө. Кана президент, бизде мамлекет барбы же жокпу?! Мен Алмаз Атамбаевге кайрылам, менин уулумдун өлүмү боюнча кылмыш ишин аягына чыгарсын. Анын бир ооз сөзү гана турат. Мен чыдай албай ушул чогулушка келдим, чындыкты айтайын деп. Тоодой баламды атып коюшуп, эми ачпай отурушат. Көчөдөн 5-6 адамды ушулар атты деп камап коюшту, а чынында ким атканын элдин баары жакшы билет!,-дейт полковник Шоноевдин атасы Курманбек Шоноев.

Сөз эркиндиги журналисттерде гана эмес, активисттерде жок экенин жаш активист Шекербек Камчыбек уулу айтты:

-Сөз эркиндиги журналисттерге гана эмес, коомдук активисттерде дагы жок. Сүйлөпр койгон сөзүң үчүн бүгүн жоопко тартылып, бийлик кысымы алдында калуудабыз. Мен Аксы районунун Акиминин мыйзамсыз иштерин жетиштүү далил, документтер менен алып чыгып, социалдык түйүндөргө жайгаштыргам. Бүгүн, далилдерим бар экенине карабай Аким мени сотко берип, 50 миң сом доо өндүрүп алды”,-дейт жаш активист.

Жыйын соңунда катышуучулар түрдүү сунуштарын айтып, дагы кызматташууга кызыктар экенин билдирип тарашты.

soz-erkindigi-osh2

soz-erkindigi-osh3

abdylda-kaparov-2

Булак: Kyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: