Тажикстанда мунай продуктуларын жеткирүү жана сатуу менен алектенген «Умед-88» компаниясынын директору Раджабали Одинаев бюджеттик акчаларды коротууга шектелип кармалды. Учурда анын убактылуу кармоочу жайда камакта экендиги айтылууда.
«Компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүү иштери эки ай мурда, бюджеттик каражат кайтарылып берилбегендиги тууралуу каржы министринин билдирүүсүнөн кийин башталган. Раджабали Одинаев болсо өткөн аптада кармалды», — деп билдиришти өз булактар.
Маалыматка караганда, Одинаев Тажикстан президенти Эмомали Рахмон 14-октябрда ишкерлер менен жолугуп, «Умед-88дин» жетекчилигин сындагандан кийин кармалган. Мамлекет башчы анда компания бир канча жылдан бери Каржы министрлиги тарабынан бөлүнгөн 170 миллион сомони бюджеттик каражатты кайтарып бербей келгенин айткан.
Өлкөнүн Антикоррупциялык агенттигинен учурда компаниянын каржы ишмердүүлүгү текшерилип жатканын жана бюджеттик акчаларды мамлекетке кайтаруу мүмкүндүгү караларын билдиришти. Акыркы күндөрү өлкөдөгү «Умед-88ге» таандык бардык май куюу жайларындагы жазуулар алынды. Анда иштегендер май куюу жайларынын жаңы ээси «Эхтиром» деген компания болгонун айтышууда.
«Умед-88» 1996-жылы негизделип, Орусиядан, Казакстандан жана Түркмөнстандан күйүүчү май алып келүү менен алектенет. Жакынкы убактарга чейин өлкө боюнча компаниянын 70тен ашык май куюучу жайы иштеп келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ