Menu

Жарандардан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар дагы эле алынууда

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 21-октябрь күнү Кадамжай РИИБнин милиция кызматкерлери мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, окторду аныктоо максатында иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 36 жаштагы Б.З. аттуу жергиликтүү тургундун үйү текшерилген. Бул туралуу маалыматты ИИМдин Басма сөз кызматы берди.

Натыйжасында 5,6-калибрдеги “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал 13 даана огу менен табылган.
Ошондой эле, Түп райондук милиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Кудургу айылынын 30 жаштагы Э.С. аттуу жашоочусунун үйүнүн түндүк тарабында жайгашкан сарайынан тиешелүү документтери жок 4.5-калибрдеги “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча табылып алынган. Учурда алынган ок атуучу куралдар менен октор экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.
Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар, кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: