Menu

Фото – Эгемендүүлүктүн 28 жылдыгына арналган мекендештер менен жолугушуу Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинде өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 22-сентябрда Берлин шаарында, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги, Герман-Кыргыз Форуму менен бирге, Германияда жашаган мекендештер менен Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына жана «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30 жылдыгына арналган жолугушууну өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Эринес Оторбаев меймандарга катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай жолугушуулар Элчиликте жакшы салт болуп, ошондой эле мекендештердин баарлашуусуна зор мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн белгиледи.

Иш-чаранын алкагында, маданий ишмер Гульнур Асанованын концерти болуп, белгилүү алып баруучу, «НУР» алып баруучулар мектебинин негиздөөчүсү Нурзат Токтосунова өз өнөрлөрүн тартуулап, ошондой эле сүрөтчү Айбек Ишенбековдун сүрөттөрү көргөзүлдү. Кыргызстандын маданиятынын кызматкерлеринин өнөрлөрүн мекендештер чоң кубаныч менен кабыл алгандыгын белгилей кетиш керек.

Маданий программадан соң, улуттук тамак уюштурулду.

Мекендештер менен жолугушуу достук жана жылуу маанайда өткөрүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 57 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: