Menu

БУУ: Алеппо кайрадан гумманитардык каатчылыкта

Бөлүшүү:

БУУнун Сирия боюнча гуманитардык жумушчу тобунун башчысы Ян Игиланд бүгүн Женевадан билдиргендей, эгер жаңы жүк барбаса келерки аптада Алеппонун козголоңчулар карамагындагы чыгыш бөлүгүндө элге тараткыдай тамак-аш калбайт.

Улуттар уюмунун гуманитардык кербени Алеппонун чыгышына быйыл июлда өкмөттүк күчтөр жүк кирген жолдорду жаап салгандан бери бара элек.

Учурда элге Алепподо акыркы азык-түлүк таратылып жатканын эскерткен Игиланд кырдаалды “үрөй учурарлык” деп мүнөздөдү.

Ал ошондой эле массалык ачарчылыкка жол бербөө, тамак-аш, дары-дармек киргизүү үчүн Сирия өкмөтү жана козголоңчул топтор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын да кошумчалады.

Бул арада Сирия президенти Башар Асад АКШ президенти болуп шайланган Дональд Трамп менен кызматташууга даярдыгын билдирди.

Шайлоо кампаниясы учурунда Трамп бийликке келсе, АКШнын башка өлкөдөгү жаңжалдарга кийлигишүүсүн азайтарын айткан. Ал Башар Асад жакшы өнөктөш болбосо дагы, Алепподогу козголоңчуларды колдоодон баш тартуу зарылдыгын белгилеген. Алты жылга созулган Сириядагы куралдуу жаңжал учурунда дээрлик 400 миң адамдын өмүрү кыйылды.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: