Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова бүгүн, 24-октябрда, 3 күн мурда наристелүү болгон этникалык кыргыз Жанбүбү Маматзыйым кызынан кабар алды, – деп Өкмөттүн расмий сайтында айтылууда.
Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун дарыгерлери ымыркайдын абалы канаттандырарлык экенин билдиришти. Ымыркай убагынан эрте төрөлгөндүктөн толук кандуу жетиле элек. Ошондуктан азырынча ымыркай ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова белгилегендей, эне бала төрөт үйүнөн чыккандан кийин Нарын облусуна барат. Ал жакта Жанбүбү Маматзайым кызынын билим алуу үчүн келген башка балдары бар.
Жанбүбү Маматзайым кызынын үй-бүлөсү Алмазбек Атамбаевдин Президенттик маалында Улуу жана Кичи Памирден келип тарыхый мекенин көрүүгө мүмкүндүк алгандыктан, уулуна Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин урматына Алмазбек деген ысым ыйгарууну чечкен.
Жанбүбү Мамтзайым кызы Кыргыз Республикасынын Президентине жана Өкмөткө көрсөтүлгөн колдоолор үчүн ыраазычылыгын билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ