Мамлекетибиз саясат менен гана алышып жатып, санжырага, тарых, санат дегендерден куру кол калмай болдук. Эсеби маселен, Мамлекетгик тарых музейинде 503 экспонат жоголгонун, анын 29у – баалуу металл экенин Эсеп палатасына таянуу менен Коопсуздук кеңешинин катчылыгы билдирди. Коопсуздук кенешинин катчысы Жеңиш Разаков Башкы прокуратурага Маалымат, маданият жана туризм министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш иштерине анализ жүргүзүүнү сунуш кылды. Айтмакчы, жоголгон музей буюмдары боюнча министрлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес, ал тургай тартип коргоо органдарына кайрылган факты жок экени да маалым болду. “Аталган министрлик жакшы көзөмөлгө албагандыктан тарых музейинен 503 экспонат, анын ичинен баалуу металлдар боюнча фондусунда 29 экспонат жок болуп чыкты. Ошондой эле М.В. Фрунзе мемориалдык үй музейинде да 100гө чукул музей буюмдары табылган эмес. Коррупциялык аракеттер негизинен тийиштүү укук-нормативдик актылардын жоктугунан болуп жатат. Так жазылбаган эрежелер коррупциялык көрүнүштөргө шарт түзүүдө,”- дейт Разаков. Деги сатып бүтпөгөн эмнебиз калды?
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ