Menu

Түркия-Кыргызстан: жүк ташуу үчүн жаңы темир жол маршруту ачылды

Бөлүшүү:

Түркиядан жүк алып келүү үчүн жаңы мультимодалдык маршрут ачылды. Ал Казакстанды айланып өтөт. Бул маршрут менен алгачкы жүктөр келүүдө.

Ушул эле жол менен Кыргызстандан Түркияга да жүк алып кетсе болот.

Бул тууралуу Би-Би-Сиге маршрутту ачкан Соода палатасынын комитет алдындагы комитет башчысы, USB Transit фирмасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди:

“Бул маршрут мурдатан айтылып жүргөн, бирок эч ким ишке ашырган эмес. Биз ага эки жыл короттук. Азербайжан, Түркия, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Каражатыбызды салдык”.

Аталган жол менен алгачкы 40 контейнер келди, дагы 60 контейнер жолдо келатат. Мындай жол Казакстан чек арасындагы ар кандай тоскоолдуктарды жана коронавируска байланыштуу чектөөлөрдү айланып өтүү үчүн зарыл эле.

Бир канча унаа колдонулган маршрутту мультимодалдык деп аташат.

“Биринчи үч контейнер чоң кыйынчылык менен эки айда келди. Аны менен бардык оорчулуктарды көрдүк. Кийин 37 контейнер 14 күндө жетти. Түркиядагы логистика жана жүк ташуу боюнча эң чоң компаниялардын бири Arkas Logistic деген компания өнөктөшүбүз. Алар Түркиядагы жүктөрдү уюштуруп, вагондорго коюп берет. Грузия аркылуу өтүп, Азербайжанга кирет. Каспий деңизине келгенде паронго отурат. Парондон Түркмөстандан чыгат. Ал жерден кайра темир жолго жүктөлүп, Өзбекстандан Ошко келет”, – деди Маткерим уулу.

Алгачкы жүктөр CASA 1000 долбоорунун каражаттары. Жүк ташуучулар мамлекеттин жүгү болгонуна карабай аны алып келүүдө Түркиядан берки кыйынчылык менен Ошко киргенден кийинки оорчулуктар бир тең болду дешти.

Кыргызстанда темир жол кызматтары өтө кымбат жана бюрократиялык тоскоолдуктар көп экенин айтып жатышат.

“Кыргыз темир жолу ишканасынын Ош филиалы Бишкектен көрсөтмө алмайынча чөптүн башы кыймылдабайт экен. Ал жерде жазылган эрежелер ишке ашканга чейин эки-үч ай өтөт. Кран менен жүктөп берген кызматы өтө кымбат, дүйнөдө эч бир жерде андай баа жок. Буга чейин мындай көп санда контейнер келип түшпөптүр. Ошого карабай, кардар тартуунун ордуна, кайра келбесин дегендей эле аракетти байкадым. Бир контейнерди темир жол бекетинен машинага жүктөө болжолдуу 9000 сом”, – дейт Маткеримов.

Кыргызстанда ушундай эле крандын акысы темир жолдон башка жерлерде 2000 сом.

Жүк ташуучу фирманын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу “андан да күлкүлүүсү, 37 контейнердеги бажынын пломбусу – жөнөкөй тросту кесип коюш үчүн эле 200 доллар алышты. Өзүң кескенге болбойт экен”, деди.

Түркия-Кыргызстан жүгүнүн басымдуусу Казакстан аркылуу өтөт

Кыргызстанга жүктөр унаа жолу менен Казакстан аркылуу келчү. Коронавирус пандемиясы чек аралардагы кыйынчылктарды ого бетер оорлоштурду. Карантин чаралары кире баштагандан менен жүк ташыган компаниялардын машиналары чек араларда айларын коротту.

Түркиядан Кыргызстанга азык-түлүк, мөмө-жемиштер, жеңил өнөр жайдын товарлары, курулуш материалдары, жабдыктар ташылат.

Өзбекстан менен байланышкан “Ош 2” темир жол бекети Советтер союзу ыдырагандан бери активдүү колдонулган эмес.

Кыргызстанда болгону түндүк тарапта 120 чакырым чамалуу, Өзбекстандан Кара-Суу аркылуу өткөн 30 чакырымдай темир жол тилкеси бар.

Эпидемия сыяктуу учурларда чек аралардын жабык болгону темир жолго тоскоолдук жаратпайт.

Булак: ВВС

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 + = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: