Menu

Атамбаевчи, Текебаевчи, Бекназаровчу күчтөрдүн баары Сооронбай Жээнбековду шантажга алып, ага каршы Бабановдун ресурстарын пайдалангылары келүүдө

Бөлүшүү:

Атамбаевдик бандиттик режим учурунда андан коркуп башын катып жаткан саясый күчтөрдүн баары азыр президент Сооронбай Жээнбековдун жумшактыгын пайдаланып, баш көтөрө башташты. Атамбаев 6 жыл мамлекетти талкалап, уурдап-тоноп жатса да андан бир жолу отчет сураганга жүрөгү даай албагандар бүгүн баатыр болуп “Жээнбеков 1 жылына отчет берсин!” деп айкырышууда. Мындай ач кыйкырык, куу сүрөөндөрдүн пайда болушуна албетте алгач Атамбаев өзү долуланып жатып жол ачты. Атамбаев Жээнбековго карата жалаа жаап кыйкыра баштагандан кийин гана “Фас!” деген команда алган чөөлөрдөй баары Жээнбековго асылып киришти.

Алмаз Атамбаевдин атакасы

Алмаз Атамбаевдин акыркы атакасы 17-мартта болуп, эми кийинкиси 6-7-апрелдерге даярдалууда. Анын арасында өзүнүн оң колу Фарид Ниязов менен тириукмуш комбинацияларды ойлоп таап, канткенде Сооронбай Жээнбековду жыга чапсам дегенде эки көздөрү төрт болууда. Азыр ал баары менен тил табышып, баарына “асмандагы айды алып берем” деп убада кылып, президент Жээнбековго каршы чоң саясый блок түзүүгө аракеттенип жатат. Анын аракеттеринин алгачкы жеңиши катары бир кездеги өзүнүн элдешкис  оппоненттери Равшан Жээнбеков менен Адил Турдукуловду өзү тарапка тартканы болду.  Эгер Атамбаевдин азыр түзүп жаткан комбинациялары ишке ашса анда “Равшан Жээнбеков премьер-министр болот” деген убадасын да берип жиберди.

Ошондой эле Атамбаев президент Жээнбековго каршы азыр бардык күчтөр менен жакындашууга жанталашып жатат. Айрыкча Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандагы адам жана каржы ресурстарын өзүнө тартып алсам дегенде ак эткенден так этип турган чагы. Бул максатта “Атамбаев менен Бабанов биригиптир, жакында революция жасашат экен” деген “прогонду” ойлоп таап жайылтышууда. Бирок, бул карандай калп. Бабанов эч качан аны “шестерка” деп атаган кесир ооз “самодур” менен сүйлөшпөй турганын бизге анын жакындары билдиришти. Ушундай эле ушакты атамбаевчилер Адахан Мадумаров тууралу да таратышкан. Бирок, Мадумаров “мен эч качан Атамбаев менен бирикпейм”  деп расмий жарыялап, Атамбаевдин шаабайын суутту. Эми “Атамбаев менен Текебаев биригишти” деген ушакты таратышууда.  Ошондой эле эски досу Бекназаров менен кайра кошулуп жатканы тууралу имиштерди күчөтүп кирди.

Текебаевчилер текиреңдешкенде

Атамбаевдин эски досу Сооронбай Жээнбековго ач кыйкырыгынан кийин “Ата-Мекендин” саясый интригандары да коркуп жатышкан коңулдарынан баш көтөрүп чыгып, 23-апрелге саат 11.00.ге Текебаевди абактан бошотуп бербесе биз радикалдуу кадамдарга барабыз деп кыйкыра башташты. Бийлик алардын шантажынан коркпосун билип, атамекенчилер өзү тарапка Садыр Жапаровдун “Мекенчилдер” партиясын тартууда. 23-апрелде “Ата-Мекен” менен “Мекенчилдер” партиясы митинг уюштуруп, Текебаевди бошотуп бербесе бийликти көңтөрүп салат экен. “Ата-Мекендин”  карт бөрүсү  Болот Шер 23-апрелдеги митингге Ысык-Көлдүн Саруу айылынын тургундарын да тартып пайдаланууга аракет кылып жатат. Анткени Атамбаевдин зулумдугунан  ал айылдын “Кумтөрдөгү” коррупцияга каршы чыккан бир нече кишилери соттолуп кетип, аликүнчө абакта олтурушат. Мына ушул саруулардын Атамбаевге болгон нааразычылыгын атамекенчилер Жээнбековго карай буруп, өз кызыкчылыктарына пайдаланууга аракеттенишүүдө. Аны менен тынчып калбаган Болот Шер Таласка барып, Өмүрбек Бабановдун миңдеген тарапкерлерин өзүнө тартууга чуркап жүрөт. “Намысыңар барбы, бизге кошулгула, Текебаевди, Садырды чыгаралы, анан Бабановду коргойлу” деп бабановчулардан колдоо издөөдө.

Ташиевдин комбинациясы 

Ал аңгыча айтылуу Камчы Ташиев Москвага жете барып, Бабанов менен сүрөткө түшүп, аны социалдык тармактар аркылуу таратты. Москвадан келери менен “Ташиев+Текебаев+Садыр Жапаров+Мырзакматов+Талгарбеков+Бабанов” коалициясын түзүү демилгесинде чуркап жүрөт дешет. Ал эми саясатчылар арасында “Ташиев “Бабанов революцияга даярдангыла!” деп айтты” деген сөздөрү уу-дууга айланды. Бул комбинациянын артында да чоң саясый кызыкчылыктар кылтыйууда.

Бекназаров, Каптагаев, Дүйшөбаевдер кайра жанданышты

“Революциянын жытын алыстан билем” дегендердин бири айтылуу Азимбек Бекназаров менен Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмилбек Каптагаев сыяктуу 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрү да Атамбаев 6-апрелде эски КСДПнын съездин өткөрөрүн, 7-апрелде митинг уюштурарын билип, мурдуларын көтөрүп жыт издей башташкан.

Аңгыча атамекенчилдер менен мекенчилдер биригип 23-апрелде митинг уюштурарын, аларга Саруулар жана бабановчулар кошулуп кетиши мүмкүн экенин билишкенде Бекназаровчулар дароо 27-апрелге 2-курултай өткөрүшөрүн жарыялашты.

Бул Атамбаевчи, Текебаевчи, Бекназаровчу күчтөрдүн баары бүт нааразы күчтөрдүн башын бириктирип, президент Жээнбековго каршы шантаж кылышып, бирөөлөрдү абактан чыгарып алуу, өздөрүнө, балдарына кызмат сурап алуу, айрым каржылык агымдарга көзөмөл жасоо сыяктуу эски пластинкаларын ойноткону жатышат.  Ушул үч күчтүн баары бозгунда жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстандагы адам жана каржылык ресурстарын өздөрүнө тартып, Жээнбековго каршы пайдаланып кетүү амалын издешүүдө. Буларга Бабановдун өзү эмес ресурстары гана керек. Ошол эле учурда биздин жеке булактар кабарлагандай Бабанов булардын эч кимиси менен сүйлөшпөй дистанция кармоодо. Бабанов жогоруда аты аталгандар сыяктуу “разрушитель” болбой, жаратмандардын катарына кошулгусу келет дешет жакындары. “Мен Кыргызстанга барганда Жээнбеков жардам бер десе колумдан келишинче жардам берем, эгер сурабаса эмне, менин кыла турган жумушум жок бекен, канчалаган инвестициялык долбоорлорум күтүп турат, бизнес менен эле алек болом” дептир Бабанов.

Ошондой эле бийликтеги айрым “серый кардиналдар” президентке туура эмес маалымат жеткирип, коомчулукка “Бабанов келсе эле камалат” деген маалымат таратып, чындыгында өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынын айланасынан гана көтөрүлө албай, саясый айдыңда мурдуларынан алысты көрө албай жатышат.

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: