Menu

Бети жок Халмурзаевдин өкмөттөн “халва” үмүт эткени кандай?

Бөлүшүү:

2016-жылдан бери Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп келген Абиш Халмурзаев деген көпөс бар. Үч жылдын аралыгында облуста кыпындай дагы иш кылтан жок. Тескерисинче, матрезервдеги буудайды сол чөнтөккө сологону ММКларда айтылып, өкмөткө кайтарылбаганы жазылып келди. Ошондой эле менчиктештирип алган жеке мейманканасында сойку бизнесин гүлдөтүп, киреше тапканы ачыкка чыккан. Ошол эргул элдин ызы-чуусу менен эки күн мурун иштен айдалды. Өкүнүчтүүсү, уят-сыйыты жок Халмурзаев «Марал» радиосуна маек берип, бетин кызартпастан туруп: «Эми кандай жумуш берилерин премьер-министр чечет» дептир. Бул эмне деген бетсиздик, эмне деген наадандык? Акыры түбү уят деген болуш керек да. Мамлекет үчүн кыпындай иш кылбаган немелер ушинтип догуруна береби? Же Халмурзаев өзүн табылгыс кадр катары сезеби? Коррупция менен сойкулукту гүлдөткөн Халмурзаевге окшогон ыплас адамдардан качан арылабыз? Укук коргоо органдары мындай бетсиз, абийирсиз адамдын жазасын колуна карматып, матрезервдеги кайтарылбаган буудай үчүн иш козгогобойбу? Качанга элдин кыжырын кайнатат?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: