Menu

Орусия Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө резолюциясына вето койду

Бөлүшүү:

Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешинде Сириядагы химиялык чабуулдун колдонулушун иликтөө боюнча сунушка бөгөт койду. Кытай добуш берүүдөн карманды.

Шейшембиде Орусия Сириядагы химиялык курал чабуулуна ким жоопкер экенин аныктоочу инспекторлордун ишин улантуу боюнча резолюцияга вето койду. Кеңештин 11 мүчөсү “макул” деген добуш берди.

Буга чейин Орусия АКШ тарабынан даярдалган документти кароону 7-ноябрга жылдырууну сунуштаган, бирок ал кабыл алынган эмес. 26-октябрда эл аралык эксперттер Сириядагы химиялык чабуулду иликтөө боюнча акыркы баяндамасын жасашат.

БУУ жана Химиялык куралга тыюу салуу уюму тарабынан 2015-жылы түзүлгөн иликтөө тобунун мандаты 17-ноябрда аягына чыгат. 2016-жылы миссиянын мандаты узартылган.

Быйыл апрель айында Хан-Шейхун деген шаарчада зарин газы колдонулганы үчүн АКШ жана анын өнөктөштөрү Сирия өкмөтүн айыптаган. Вашингтон буга жооп чара катары Сириянын өкмөттүк Шайрат аба базасына канаттуу ракеталар менен сокку да урган болчу. Президент Башар Асаддын өкмөтү жана аны колдоп келе жаткан Орусия химиялык чабуул үчүн козголоңчул топторду күнөөлөшкөн. Хан-Шейхундагы химиялык чабуулдан токсондой кишинин өмүрү кыйылган.

Эксперттердин эсеби боюнча Сирияда химиялык курал 6 жыл аралыгында 30 жолу колдонулган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: