Menu

Кашкар Жунушалиев, Ички иштер министри: “Учурда Төлөгөн Рахманберди уулуна жана Эмилбек Кимсановго издөө жарыяланган”

Бөлүшүү:

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа-тектир айылынын жашоочулар менен жолукту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алай районунун Арпа–Тектир айлынын жашоочулары президентине кайрылышып, Рахманберди уулу
Төлөгөндүн ишин өз көзөмөлүнө алууну суранышкан.  Ошого байланыштууу президенттин тапшырмасы менен ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев Алай районунун Арпа- айылынын жашоочулары менен жолуккан.

Кашкар Жунушалиев Ош облусунда жана Ош шаарында болуп жаткан кылмыштуу окуяларга кимдин катышы бар болсо, ким болбосун, бардыгынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде караларын, эгерде алардын кылмыштарга тиешеси бар болсо, жоопкерчиликке тартыларын кескин түрдө билдирди.

“Ошол эле сиздердин уулуңар Рахманберди уулу Төлөгөндүн жана анын шериги Эмилбек Кимсановдун кылмышка шектүү экендигин сиздер жакшы билесиздер, жалпыга маалымдоо каражаттарында да жарыяланып жатат. Мына экөөнө тең учурда издөө жарыяланды, качып жүрүшөт. Эгер алар таза болсо,  жок, айта турган сөзүбүз бар дешсе, анда бизге, укук коргоо органдарына келсин, качпасын арыз муңун ачык айтсын. Биз акыйкат тергейбиз жана ким гана болбосун күнөөсү далилдене турган болсо, жазасын тартат. Эч кимдин, эч кандай статусуна, байланыштарына, туугандык мамилелерине карабайбыз.
Мыйзам чегинде катуу жана акыйкат чечимдерди кабыл алабыз. Ички иштер министри катары коомдук тартипти сактоо багытындагы бардык маселелерге эл алдында жооптуумун жана сиздер менен бирге коомдук тартипти сактоо багытында бардык маселелерди чечкенге ИИМ дайым даяр,- деп баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда өз ара пикир алмашуу болду. ИИМ өлкөдөгү коомдук тартипти сактоодо жоопкерчиликтүү негизде иш алып бара тургандыгы баса белгиленди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: