Самарканд мамлекеттик университетинин студенти Дилькаш Хуррамов күч менен пахта теримге жөнөтүлгөн маалда жүрүп бара жаткан автобустан секирди.
Жогорку окуу жайдын студенттеринин айтымында, Дилькаш Хуррамов ооруканага жаткырылды.
Күбөлөр Дилькаш Хуррамов катуу ылдамдыкта бара жаткан автобустан секиргенин белгилешти:
– Танкы саат жетиде университеттен бир нече автобус Пастдаргам районуна чыккан. Дилькаш алдыдагы автобус менен бара жаткан. Самарканд шаарынан узаганда, алдыдагы кербен күтүүсүз токтоду. Кыйкырык-чуу башталып, баары автобустан чуркап түшүштү. Дильшат автобусттун эшигин күтүүсүз ачып, секирип кетиптир,- деди студенттердин бири.
Дилькаш Хуррамовдун курсташынын айтымында, ал ден соолугуна байланыштуу окуу жайдын жетекчилигинен пахта теримге жөнөтпөөнү суранган, бирок алар макул болушкан эмес.
Студент автобустан секирген маалда колу сынып, бети тытылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ