Президенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы ушул аптанын аягына чейин белгилүү болорун БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, комиссия мүчөлөрүнүн жарымы шайлоо жыйынтыгы боюнча даттануулардын үстүнөн иштесе, экинчиси протоколдорду кабыл алып, шайлоонун жыйынтыгынын таблицасын түзүп жатат.
«Иштин көпчүлүк бөлүгү аяктады. Эч кандай соттук териштирүүлөр болбосо, акыркы жыйынтык 27-октябрь күнү белгилүү болуп калат» деди Бекматов. Шарт боюнча мындан үч күн өткөндөн кийин жыйынтык ЖМКлар аркылуу жар салынышы керек.
Ал эми жыйынтык элге расмий жарыялангандан кийин 30 күн ичинде жаңы шайланган президентгин инаугурациясы өткөрүлөт. Коомчулукта мурунку президенттин мөөнөтү бүтө электе кийинки президент ишке киришеби деген эки ача ойлор айтылууда.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ