Menu

Каныбаек Иманалиев: “Мамлекеттеги тартиптин жоктугуна парламент бут тосо алган жок”

Бөлүшүү:

– Каныбек мырза, Дайыр Кенекеевди вицеликке 91 добуш менен ура-алап өткөрдүңүздөр. Бирок, аны парламентке өкмөт башчы өзү эмес, вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев сунуштап келгени канчалык мыйзамдуу болду деп ойлойсуз?

– Бул биринчиден, протокол эрежесин бузуу. Экөөнүн статусу бирдей да. Эртең Зилалиев «сенин кандидаттарыңды мен өткөзгөм, сен мага милдеткерсиң» деп айтышы мүмкүн. Антип айтпаган күндө дагы моралдык жагынан карыздар болуп калат. Бул тажрыйбаны уланта берсек, эртең айыл чарба министри келиши мүмкүн, «тышкы иштер министрин бекитип бергиле» деп. Же министрдин, акимдин орун басары келиши мүмкүн, «экинчи орун басарды бекитип бергиле» деп. Бул мамлекеттеги тартиптин, жакшы салттын жоктугунун, башкаруу инстититу башаламан иштеп жатканынын накта далили. Парламент ошого бут тоскондун ордуна колдоп бергени эң эле өкүнүчтүү.

– Бирок, жүйөөлүү себеп болуп атпайбы. Премьер Ереванда иш сапарында экен.

– Күн сайын жүйөөлүү себеп табылат, премьер күн сайын иш менен алек. Бирок, өкмөт башчысын биз бекиткенбиз да, ал биздин алдыбызда жоопкер. Бир күн күтө турсак эртең учуп келет эле да. Бул орун бир айдан бери бош турду го. Бир күн күтөт эле го? Дагы бир кызык жери, Кенекеев эми Зилалиевдин, ал болсо маркум Жумакадыровдун ордуна барат экен. Менин ордума келе турган кишини мен сунуштай албайм да.

Анан вицелик кызматка бара турган киши кайсы багытты тейлээрин, ошол тармакты тейлөөгө дарамети жетер-жетпесин билиши керек. Себеби, вице-премьер өкмөт башчысынын орун басары да. Мамлекет үчүн өкүнүчтүү. Эми ар бир министрдин орун басары үшинте берсе болобу?

— Комитеттин төрайымы Асел Кодуранова «мындай практика болуп эле жүргөн» деп айтпадыбы?

– Болгон эмес. Мен төртүнчү жолу депутат болуп отурам, мындай болгон эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: