Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясынын кезектеги жыйынында Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары кызмат ордуна Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранованын, ал эми анын ордуна депутат Канат Крезбековдун талапкерлигин сунуштоо чечими кабыл алынды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Эске салсак, кечээ 26-октябрда Жогорку Кеӊештин Төрагасынын мурдагы орун басары Данияр Төлөнов («Кыргызстан» фракциясы) өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ