2017-жылдын 29-октябры күнү саат 14:00гө алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек ара постунда 464 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 24 оор жүк ташуучу унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 3 оор жүк ташуучу жана 11 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 115 оор жүк ташуучу жана 20 жеңил унаалар турат. Аталган өткөрмө пункттарына КР ӨКМ тарабынан жалпы 17 чатыр тигилген. Чек арада тургандарга КР ӨКМи тарабынан тамак-аштар таркатылууда. 2017-жылдын 29-октябры күнү Ак тилек постунда тургандарга КР ӨКМи тарабынан 380 адамга тамак-аш таркатылды. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы.
Ал эми 2017-жылдын 30-октябры күнү саат 07:40ка алынган маалымат боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ак-Тилек чек-ара постунда 371 оор жүк ташуучу унаа, Панфилов районундагы Чалдыбар чек ара постунда 17 оор жүк ташуучу жана 12 женил унаа, Аламүдүн районундагы Ак-Жол чек ара постунда 12 жеңил унаа, Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка чек ара постунда 90 оор жүк ташуучу унаалар турат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ