Menu

Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы башталууда

Бөлүшүү:

Бүгүн Астанада Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталат. Казакстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бардык тараптар, анын ичинде Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө катыша тургандыктарын ырасташты.

«Бул жолку жолугушуу Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу режимин бекемдөө боюнча жетишкендиктерди сактап калууга, ошондой эле өлкөдөгү мындан аркы абалды турукташтыруунун алкагында каатчылыкты саясий жактан жөнгө салуу аракеттерин бекемдөөгө багытталган», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматка караганда, пленардык жыйын шейшемби, 31-октябрга белгиленген. «Бүгүнкүгө күн тартибиндеги маселелерди талкуулоо боюнча эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулар пландалган. Жолугушуулар ММКлар үчүн жабык өтөт», — деп билдиришти ТИМдин басма сөз кызматынан.

Маалымат каражаттары Сириянын куралдуу оппозициясынын делегациясын «Сириянын эркин армиясы» башкы штабынын башчысы Ахмад Берри жетектей турганын жазышууда. Айрым маалыматтар боюнча байкоочу өлкөлөрдүн катарына Кытай жана бир катар араб өлкөлөрү дагы киришет. 14-16-сентябрь күндөрү Астанада өткөн буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Сирияда төрт коопсуздук аймагын түзүлгөнү жарыяланган.

Анда Сирия оппозициясы Иранды деэскалация зоналарындагы коопсуздукту камсыздоочу кепил өлкө катары кабыл алуудан баш тартарын билдирген. Сирия боюнча Женевадагы сүйлөшүүлөрдөн сырткары январдан бери Орусия, Түркия жана Ирандын кепилдиги менен Казакстандын борбору Астанада дагы өзүнчө сүйлөшүүлөр өтүп келет. 330 миң адамдын өмүрүн алып кеткен Сириядагы алты жылдык жарандык согушта Орусия менен Иран Сириянын президенти Башар Асадды колдоп келишет. Түркия менен АКШ түрдүү көтөрүлүшчүл күчтөрдү кубатташат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: