Жогорку Кеңеште акыйкатчы Кубат Оторбаев отчёт берет. Анда Оторбаев адам укуктарынын корголушу туурасында баяндама жасайт. Айрым маалыматтарга караганда, парламент акыйкатчынын отчётун кабыл албай, кызматынан айдашы ыктымал . Буга анын шайлоо учурунда эки жээкке ойногону себеп болоору кеп болуп жатат. Оторбаев шайлоодо Өмүрбек Бабановдун камчысын чаап, ар кандай билдирүүлөрдү жасап жибергени кечирилбейт деген күбүр-шыбыр айтылууда. Демек Кубат мырза кызмат ордунан жылмышса, акыйкатчылыкка Турсунбек Акн кайрадан конуп калышы мүмкүн экен.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ