Жалал-Абад шаарында “кара алтын” жылдагыга караганда жыйырма пайызга кымбат сатылып жатат. Былтыр ушу маалда эң сапаттуу көмүрдүн 1 тоннасы 4500 сомго сатылчу. Ушул тапта нарк дээрлик 5500 сомду чапчып олтурат.
Жалал-Абад шаарынын тургундарынын айтымында, суук түшөөрү менен көмүр кескин түрдө кымбаттап кетти. Октябрга дейре “кара алтындын” сапаттуусунун килосу 4 сом 50 тыйындан сатылчу. Суроо-талап кескин түрдө жогорулагандыктан, азыр баа 5 сом 50 тыйынга чейин көтөрүлдү.
- Кыш жакындап, кара алтынга элдин суроо-талабы күчөгөн сайын нарктын улам жогорулашы көнүмүш адат. Буга эл деле көнүп бүткөн. Бирок, күзүндө эле кымбат сатылса, кышында канчага чыгаар экен деп катуу тынчсызданып жатабыз!- деп чыркырады Жалал-Абад шаарынын тургуну Равшан Султанкулов.
Ал эми монополияга каршы агенттиги көмүргө быйылкы нарк тоннасына 5500 сом деп бычылгандыгын ырастады.
- Көмүргө болгон баа эч өзгөрүүсүз сакталат. Буга чейинки кымбаттоо быйылкы нарк сыңары гана бекилген. Күз-кыш мезгилинде ушул калыпта эле сатылат. Быйыл көмүр жетиштүү көлөмдө камдалган. Андыктан, маселе жаралбайт, – дейт Кыргыз Өкмөтүнүн монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Ниязбек Мойдинов.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ